Ысык-Көл милициясы жапайы өскөн баңгизат тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга жапайы өскөн баңгизатын камтыган өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча чараларды көрбөө үчүн кандай жоопкерчиликтер каралгандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Мак-2022» комплекстүү иш чарасынын алкагында КР ИИМдин Ысык-Көл жана  Нарын облустары боюнча БЗМЖККБнын кызматкерлери, жапайы кендир менен өзгөчө жабыркаган аймактагы жергиликтүү тургундар менен кезигишип, аларга түшүндүрүү иштерин өткөрүшүүдө. Бул иш чаранын негизги максаты, баңги заттарын мыйзамсыз даярдоонун алдын алууга жана жапайы өскөн кендирди жок кылууга чара көрүлбөсө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын негизинде кандай жоопкерчиликтер каралгандыгын жеткирүү болуп саналат.

Өзүнүн табыгый шарттары боюнча Ысык-Көл облусунун Түп, Ысык-Көл, Ак-Суу жана Жети-Өгүз районунун айрым жер тилкелеринде жапайын кендирдин жапырт өсүшүүнө өбөлгө түзүлгөн. Ошол эле учурда, аталган жер тилкелеринин көпчүлүк ээлеринде, жапайы кендирлерди жок кылбоо үчүн, мыйзам боюнча жоопкерчиликтер каралгандыгы жөнүндө түшүнүктөрү жок. Бирок, мыйзамды билбестик, жоопкерчиликтен бошотпойт.       

Алып айтсак, Кыргыз Республикасынын «Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» мыйзамынын 35-беренесине (Баңги кылуучу заттары бар өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүүгө жана алардын жапайы өскөн түрлөрүн жок кылбоого каршылык көрсөтүү чаралары) ылайык, баңги кылуучу заттары бар жапайы өсүмдүктөр өскөн жер участокторун пайдалануучулар, мындай өсүмдүктөр байкалган учурда аны дароо же ички иштер органынын кызмат адамы белгилеген мөөнөттө жок кылууга милдеттүү.Баңги кылуучу заттары бар жапайы өскөн өсүмдүктөрдү жок кылууга карата чара көрбөгөндүгү үчүн көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 97-беренесинин (Жапайы өскөн баңгизатын камтыган өсүмдүктөрдү жок кылуу, тыюу салынган баңгизатын камтыган өсүмдүктөрдү көп эмес өлчөмдө айдоо же өстүрүү боюнча чараларды көрбөө) негизинде, адамдардын өздөрүнүн карамагындагы жер участокторунда жапайы өскөн баңгизатын камтыган өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча чараларды көрбөө, жеке тараптарга 12500 сом, юридикалык тараптарга 35000 сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

КР ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча БЗМЖКККБнын кызматкерлери, облустун тургундарын жоопкерчиликтүү болууга чакыруу менен, алардын жер тилкелеринде жапайы баңги заты бар өсүмдүктөрдүн жайылышына жол бербөөнү эскертет, – деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов.