Окуялар

Кызыл-Кыяда 34 жаштагы жаран шахтада газга ууланып каза болду

Баткен облусунунун Кызыл-Кыя шаарында 34 жаштагы жаран шахтада газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-май күнү Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылындагы Краснопартизанская көчөсүндө жайгашкан көмүр казуу шахта чуңкурунда (забой) газ чыгып, анда жумушчулар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Кызыл-Кыя шаарындагы 4-ӨМТККВнан улук лейтенант Кочкоровдун жетекчилигинде 5 куткаруучу тартылды.

Шахтанын 90 метр тереңдигинде 34 жаштагы Ноокат районунун Т.Ө.М. аттуу тургунунун жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button