Коом

Ошто дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын сөөгү табылды

Ошто дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Коргон айылынын 17жаштагы Т.К. аттуу тургуну Супа жайлоосунда жайылып жүргөн мал-жандыктарын кароо үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

24-май түнү саат 01:00 чамасында баланын туугандарынан ӨКМге билдирүү түшкөн.

Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар Үнкүр айылына барганда жергиликтүү тургундар жоголгон баланын сөөгү табылгандыгын билдиришкен.

Баланын сөөгү ата-энесине өткөрүп берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button