УКМК: Казакстанга мыйзамсыз тамеки алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды -ФОТО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында контрабандалык иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынан тамеки аткезчилигинин ири партиясын мыйзамсыз коңшу Казахстан Республикасына алып чыгуу аракетинин алдын алынып ага бөгөт коюлду.

2022-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына чыгып кетип жаткан учурда «Чоң-Капка-унажолу» өткөрмөсүнөн А.Р.А. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик маркалары жана уруксат берүү жөнүндөгү коштоочу документтери жок 89 куту тамеки буюмдары табылган.

Учурда КР УКМК тарабынан салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыяндын өлчөмүн жана бул мыйзамсыз ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.