Саясат

Телефон тыңшап, жашыруун камера коюу мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жөнүндө мыйзам долбоорлорунун пакетин үч окууда кабыл алды.

Анда төмөнкү мыйзам долбоорлору кабыл алынды:

«Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» — макул 73, каршы 3;

«Контрчалгындоо иши жөнүндө» — макул 72, каршы 4;

«Тышкы чалгындоо иши жөнүндө» — макул 74, каршы 3;

«Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» — макул 71, каршы 6;

«Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» — макул 73, каршы 4.

Белгилей кетсек, буга чейин «Контрчалгындоо иши жөнүндө» мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынган. Анда соттун чечимисиз эле телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, менчик жерге жашыруун камера коюуга уруксат берүү каралган. Айрым депутаттар бул сунуш Баш мыйзамга каршы келерин айтышкан.

Кабыл алынган мыйзам долбоорлору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button