Саясат

Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна которулду

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина жазып чыкты. 

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев өзгөчө коркунучтуу кылмышкер сыяктуу коштоочулар менен жеткирилген.

Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция жана арам акчаны адалдоо фактылары боюнча. Былтыр жайында ага түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген, ошондой эле 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button