Афганистандагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 920 адамга жетти

Афганистандагы жер титирөөдөн 920 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү Tolo News телеканалына өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Шарафуддин Муслим билдирген.

Кырсыктан дагы 610 адам жабыркаган.

Буга чейин АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) Афганистанда магнитудасы 6,1ге жеткен жер титирөө болгонун кабарлаган. Анын очогу 96 миңден ашык адам жашаган Хост шаарынан 44 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал эми тереңдиктеги очогу 51 чакырымга жетет.