Көлдүн жанына заара ушаткан. «Радуга» пансионатынын пляжында болгон мушташуунун жагдайлары белгилүү болду

«Радуга» пансионатынын пляжында орун алган окуя боюнча 18 катышуучусу Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген.

Окуянын катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, бул күнү окуянын катышуучуларынын бир тарабы меймандарын пансионаттын пляжында кабыл алышкан. Меймандын бири көлдүн жанында зара кылып жатканда, аны жергиликтүү тургун, пансионаттын коопсуздук кызматында иштеген кызматкер байкап калып, эскертүү жасаган. Бирок, мейман эскертүүгө көңүл бурбады. Натыйжада, мейман менен коопсуздук кызматкеринин ортосунда оозеки чыр чыгып, мушташка айланып, ага эки тараптын жарандары да кошулган.

Учурда, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары уланууда.

Айрым жарандар бул окуяны Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыгы менен байланыштырууга аракет кылып жатканына байланыштуу, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы бул окуя башка мүнөздө экенин жана жергиликтүү тургундардын пляж аймактарына кирүү укугу менен эч кандай байланышы жок экенин эскертет, – деп билдирди Ысык Көл ОИИБынын Басма Сөз кызматынан.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги мушташты бул шилтемеден көрө аласыздар:

https://www.instagram.com/tv/CfYTNaioQ15/?igshid=MDJmNzVkMjY%3D