Россияда “Азиянын балдары” эл аралык спорт оюндарынын ачылышы өттү

Россиянын Владивосток шаарында “Азиянын балдары” VII эл аралык спорт оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

“Азиянын балдары” оюндарына Кыргызстандан спорттун 9 түрү боюнча 48 спортчу катышат.

Бүгүн пляж волейболу, баскетбол жана көркөм гимнастика боюнча мелдештер башталды.

Турнир 8-августка чейин уланат.