Окуялар

Жайлоодо 11-класстын окуучусу 5-класстын окуучусун кокустан атып алды

Талас облусунда 11-класстын окуучусу 5-класстын окуучусун кокустан атып алган. Бул тууралуу  каза болгон баланын жакындары маалымдашты.

— Окуя 26-июль күнү Талас облусунун Манас районундагы Нылды айылында Кан-Жайлоо деген жайлоодо болгон. 11-класстын баласынын ата-энеси Орусияда иштечү, өзү туугандарыныкына жайлоого чыккан. Ал суур атам деп үйүнөн мергенчилик мылтыгын ала чыккан экен. Кайтыш болгон 5-класстын окуучусу үй-бүлөсү менен жайлоого чыккан. Атасы А. аттуу 5-класстагы балага койлорду карап тур деп табыштап бээ сааганы алыскы адырга кетет. Кой жайып жүргөн учурда 11-класстын баласы кошо барат. Ал мылтыкты алгач асманга атып көрөт. Анда дүрмөт жок болуп, ок чыккан эмес. 5-класстагы баланы коркутуп көрөйүн деп атса ок чыгып, кокустан баланы атып алган. Бала 27-июль күнү жерге берилди», — дейт тууганы.

Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу маалыматты кийинчерээк берерин билдирди.

 

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button