КР элчилиги “Аль-Каиданын” башчысы Гансиден учурулган учак менен жок кылынды деген маалыматты төгүндөдү

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги “Аль-Каиданын” башчысы Айман аль-Завахири АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Ганси авиабазасынан учурулган учкучсуз учагынын жардамы менен жок кылынды деген маалыматты четке какты.

Элчиликтен билдиргендей, бир катар чет элдик маалымат каражаттарында “Аль-Каиданын” башчысы Айман ал-Завахири КРнын “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашкан АКШнын Аскердик күчтөрүнүн Ганси атындагы күч базасынан учурулган учкучсуз учуучу аппараттын соккусунан жок кылынды деген жалган маалымат жарыяланган.

“Манас” эл аралык аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору (ТЖТП “Манас”) 2014-жылы ишин токтоткон. Борбордун расмий жабылуу аземи 2014-жылдын 3-июнунда болуп өттү. 2014-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы “Манас” ТЖТПнын ишмердүүлүгү боюнча эки тараптуу келишим күчүн жоготту.

Азыркы учурда “Манас” аэропортунун аймагында америкалык же башка чет элдик аскер кызматкерлери жок жана эч кандай иш-аракеттерди жүргүзүшпөйт.

Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган катары эсептелет”, – деп айтылат маалыматта.