“Үмүт жана Ко” ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Үмүт жана Ко” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Абдуллаев Ж.Т. УКМКнын тергөө абагына камалды.

Маалыматка ылайык, 20-августтагы соттун чечими менен Абдуллаев Ж.Т. 2022-жылдын 19-октябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды.

Эскерте кетсек, “Үмүт жана Ко” ЖЧКсынын тең ээси 1970-жылы туулган А.Ж.Т.нын үйүнөн курал-жарактар жана “БРДМ 2” (Брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа) атайын техникасы табылган.