ИИМ: «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмуна үндөгөн фактысы боюнча тергөө уланууда

Аталган факты боюнча КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Социалдык тармактарда интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» кыймылынын тыюу салынган экстремисттик-террордук уюмунун идеологиясын пропагандалоочу материалдарды тараткан жана жарыялаган аккаунт аныкталган.
Аталган кылмыш ишинин алкагында сурак кылуу максатында ИИМдин Тергөө кызматына Экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелген 1981-жылы туулган жаран Р.Б. камсыз кылынган.
Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) кармоо жүргүзүлүп, тергөө иштери уланууда, — деп айтылат ИИМдин Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.



