Дүйнө өлкөлөрү Орусиядагы мобилизацияга реакция жасашты

Кечээ, 21-сентябрда өлкө жарандарын аскердик кызматка жарым-жартылай мобилизациялоо башталганын жарыялаган Орусиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусуна дүйнө өлкөлөрү жооп кайтара баштады. Бир катар өлкөлөр Украинадагы кырдаалдын тынчтык жолу менен чечилишин колдоорун билдиришти. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жаңжалдашкан тараптарды диалогго келүүгө жана маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Венгрия дагы сүйлөшүүлөрдү эртелетүү керектигин айтып чыкты. АКШ президенти Жо Байден Вашингтондун Орусия менен кагылышуу ниети жок экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле ядролук куралды колдонууга жол берилбестигин билдирди. Ошол эле учурда АКШ Донбасстагы жана Украинанын бошотулган аймактарындагы референдумдун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусиядагы жарым-жартылай мобилизацияны кооптуу деп атады. Ошондой эле француз президенти Путиндин чечими Орусиянын көбүрөөк изоляциясына алып келерин белгиледи. Германиянын канцлери Олаф Шольц дагы Орусияда жарым-жартылай мобилизациянын башталышын сынга алды. Анын айтымында Орусиядагы мобилизация буга чейинки кырдаалды ого бетер курчутат. Түркия өз кезегинде Анкара тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ырааттуу колдоочусу экенин баса белгиледи.