Саясат

Садыр Жапаров: Баткенге жаңы үйлөрдү суук түшкөнчө салгыла

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. 

Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Коопсуздук кеңешинин катчысы катышкан.

«Анда чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди. Садыр Жапаров биринчи кезекте эвакуацияланган элге зарыл болгон бардык жардамды көрсөтүп, талкаланган турак жайларды калыбына келтирип, толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө тез арада салууну тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле президент социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button