Бийлик Баткенде эвакуация болгон жарандарды үйлөрүнө кайтпай турууга чакырды

 Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев эвакуация болгон тургундарды азырынча үйлөрүнө кайтпай турууга чакырды.Анын айтымында, учурда тажик тарап кол салып, талкаланган аймактарды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Анын ичинде мектеп, бала бакчалар, элдин турак жайлары бар. Ошондой эле чек арага жакын аймактарда жарылбай калган ок-дары, мина, снаряд жана башка жардыргыч заттарды аныктоо, табуу жана зыянсыздандыруу иштери уланып жатканы айтылды.Эске салсак, Баткенден жалпысынан 136 770 жаран эвакуацияланган. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 301 адам башка жерлерге убактылуу жайгаштырылган.