Коом
Директорлор сынагы: Нарындан 18, Көлдөн 38 талапкер тесттен өттү

Нарын менен Ысык-Көл облусунда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине сынактын экинчи айлампасы өттү. Ысык-Көл облусу боюнча сынактын II айлампасына катышуу үчүн 132 талапкер документ жиберип, андан 99 адам тестирлөөгө катышуу укугун алган. Жыйынтыгында 38 талапкер тесттен ийгиликтүү өткөн.
Ал эми Нарын облусу боюнча 76 адам документ жиберген. Анын ичинен 20сы документтерин толук тапшырбай, жыйынтыгында 56 адам гана тестке катышкан. Тестирлөөдө 18 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алганы айтылды.
Министрлик буга чейин Ысык-Көл облусу боюнча 41, Нарын облусу боюнча 22 ваканттык орун болгонун эске салды



