Пайдалуу кеңештер

Кантип туура жуунуу керек?

Адис тез-тез жууна берүүнүн зыяны жок экенин, бирок суунун температурасы жана колдонулуучу каражатты туура пайдалануу абдан маанилүү. Йель медициналык мектебинин дерматологу Дэвид Леффеллдин туура жуунуу боюнча кеңештерин жазды.

Леффелл адам жуунганда бир нече эрежелерди сактоо керектигин санап берген. Анын айтымында, өтө ысык суу дене үчүн зыяндуу, мындан тышкары, душтун алдында 3-5 мүнөт гана турган жетиштүү.

«Денеге гель, чачка шампунь, бальзам өңдүү каражаттарды сатып алып жатканда курамына маани берүү керек. Алардын ар биринде pH көрсөткүчтөрү же нымдуулук көрсөткүчтөрү бар. Эгерде pH 5тен төмөн болсо, анда жуунган каражатта кислота көп болот, ал эми сегизден жогору болсо, анда шекер эритиндиси көп. pH көрсөткүчү бештен сегизге чейинкинин ортосунда болсо адам организми үчүн зыянсыз», — деп жазылат маалыматта.

Нейтралдуу pH (болжолдуу 7 pH) денени кургатып, тартыштырбай турган көлөмдөгү нымдуулукту берет.

Чачты жууганда да ушул эрежелер каралат. Аны жууп туруу зарылдыгы ар кимде ар кандай. Адис бир апта ичинде башты шампунь менен үчтөн көп жууган ашыкча экенин айтты. Ошондой эле фен менен кургатканда чач жабыркай тургандыгын эске алып, түнкүсүн жатар алдында өзү кургап кала турган убакытты ылайыктап жууган оң экенин эскерткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button