Коом

Болот Темиров Россиянын жараны, ал өз өлкөсүнө чыгарылды

Бүгүн, журналист Болот Темиров Кыргызстандан чыгарылды. Себеби, убагында чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, жасалма документтер менен Кыргызстандын паспортун жасатып алган. Мындан тышкары башка бир адамдын аскердик билетине өзүнүн сүрөтүн чаптап колдонуп жүргөн.

Ушуга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сотто каралып жаткан болчу. Бүгүн сот чечим чыгарып, аны өз өлкөсүнө чыгарды.

Белгидей кетсек, Болот Темиров Россиянын жараны.

“Кыргызстандын соттору аны жасалма документ үчүн камакка албай, гумандуу чечим чыгарып, болгону өз өлкөсүнө кайтарды. Жасалма документ үчүн жазасы камакка алынышы керек болчу”-дейт социалдык байланыш тармактарынын колдонуучулары.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button