Саясат
Президенттин иш башкармалыгы депутат Өмүрбек Бакировду эмнеге кабинеттен чыгарганын айтты
“ЖК жетекчилеринин жана фракция лидерлерин иш алып баруусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн 14-ноябрда комиссия түзүлгөн. Дем алыш күндөрү кабинетти оңдоп-түзөө максатында депутат Өмүрбек Бакировго 7-кабаттын №705 кызматтык бөлмөсүн бошотуп берүү тууралуу кабарлама берилген. Ага №637 кызматтык бөлмө сунушталган, бирок алар кыршылык көрсөтүп алуудан баш тартты”, — деп айтылат маалыматта.