Москвада кыргызстандыкка эки жолу ок атып, 100 миң долларын тоноп кетишти

28-ноябрда Литовский бульварында белгисиз адамдар Кыргыз жаранына кол салышып, эки жолу атып, акчасы салынган сумкасын алып, сары түстөгү Поло үлгүсүндөгү унаа менен качып кетишкен.

Жабырлануучу кол салгандардын белгилерин айтып, полицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар 100 миң доллар салынган сумканы алып кетишкен.