Иса Ахунбаевдин небереси Сталбек Ахунбаев президенттин кеңешчиси болду

Айтылуу Иса Ахунбаевдин небереси, хирург-онколог Сталбек Ахунбаев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болду. Буйрукка Садыр Жапаров кол койду.

Ал президенттин медицина жана билим берүү тармагындагы кеңешчиси болот.

54 жаштагы Ахунбаев медицина илимдеринин доктору, профессор, Бишкектеги Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору.

2020-жылы өлкө президентинин жарлыгы менен илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган.