Бул тууралуу Акылбек Жапаров Японияда өтүп жаткан Борбор Азия инвестициялык форумунда айтты.
“Соода жолдору биздин аймакка жылууда. Япон өнөктөштөрдү Кыргызстанга инвестиция салууга чакырам. Сиздерди кызыктырчу тармактарыбыз арбын” , — деди ал.
Форумдун алкагында КР Финансы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 12 млн доллар берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
@user2