Кадамжайда жолдон өткөн өзбек жарандарын тоноого шектелип 2 жаран кармалды

Коңшулаш Өзбек республикасынын Фергана облусунун Сох районунун жарандарын Кадамжай районунун аймагынан Фергана облусуна бара жаткан мезгилде, өзбек жарандарынын автоунааларын кыргызстандын аймагында токтотуп, акча, кол телефондорун тоноп алып койгондугун билдирип, өзбек жарандары милицияга сентябрь, октябрь айларында арыз менен кайрылган.

Бул арыз Кадамжай РИИБдин КБРне катталып, кылмыш жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголуп, Кадамжай РИИБдин кызматкерлери иликтөө иштерин башташат.

Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде бул кылмыш ишине шектүү катары Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын 54 жаштагы тургуну С.Н. жана 39 жаштагы тургуну С.З.лар аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Азыркы убакта тергөө иштери уланууда, – деп билдирди Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан.