Коом

Юстиция министрлиги бир жума акысыз юридикалык кеңеш берет

6-декабрда республикада акысыз юридикалык жардам берүү декадасы башталат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги маалымдады.

Билдирмеге караганда, декада 13-декабрга чейин уланат. Анда жогорку квалификациялуу адвокаттар, юристтер, түрдүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, Кыргызстандагы юридикалык клиникалар ассоциациясынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү акысыз укуктук консультацияларды беришет.

Укуктук жактан жардам берүү өнөктүгү көчмө жүрүш форматында өтөт. Анда тургундарга социалдык, үй-бүлөлүк, жер жана башка түрдүү маселелер боюнча кеңештер берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button