Бириккен Араб Эмирлиги жаңы жыл түнү дүйнөлүк эки рекорд койгону турат

Бириккен Араб Эмирлигинин Туризмди өнүктүрүү департаментинин (RAKTDA) маалыматына караганда, буга чейин Гиннестин китебине фейерверк боюнча бир нече жолу кирген Рас-эль-Хайма жаңы жыл түнү дүйнөлүк дагы эки рекорд коюуну пландаштырууда. 

Маалыматка ылайык, Рас-эль-Хайма эмирлиги фейерверктерди бир учурда учурган дрондордун саны боюнча рекордду жаңыртууга белсенип жатат. Экинчиси, асманга дрондорду тизип, ал аппараттар менен эң узун сүйлөм жазуу болмокчу. Фейерверктин 12 мүнөткө созулары, иш-чара Маржан аралы менен Аль-Хамра районунун ортосундагы жээкте өтөрү айтылган.

Маржан аралынын каршысындагы атайын аянтча жаңы жылдык шоуну көрүү үчүн идеалдуу жер болмокчу. Ошондой эле майрамдык маанайдагы иш-чаралар Маржан аралынан Аль-Хамра аймагына чейинки жээкте жайгашкан бардык мейманканаларда өткөрүлөрү айтылды.