Пайдалуу кеңештер

Пайдалуу кеңеш! Ызгардуу суукта кантип туура тамактануу керек?

«Аномалдуу суукта» кантип туура тамактануу керек?
«Эми кыш чилде түштү, суук болбогондо ысык болмок беле, тобо ызылдадык го чиркин. Азыр чилдеде туура тамактануу эрежелерин жазып берем
«-, деп жазды Фейсбук колдонуучусу Бактыгүл Чыныбаева.

❄ Суук түшкөндө эле күчтүү тамактаныш керек деп ойлойбуз. Жанталашып камыр тамактарды жеп баштайбыз, эми ал деле керек, бирок ченеми менен. Же туура тамактаныш керек деп диета кармоо канчалык организмге пайдалуу? Айтор мен билген ТТ жолдору мындай:

  1. Белогу көп азыктарды арбын жеңиз, мындай азыктар организмге энергия берет. Белок кайнатылган этте (күндүз 80-100 грамм) көп болот. Гамбургер, консерва, шаурманын ордуна 100 грамм сууга бышкан, же дүмдөлгөн (тушенный) этти гарнир менен жеп алган оң. 1-2 штук жумуртка, жумасына 2-3 жолу балык, (кээ бири балыкты кайдан табам деши мүмкүн, бизде балык фермалар көбөйүп кудайга шүгүр эле болуп калдык, шылтоо эмес) күнүгө сүттүү чай ичкен жакшы. Кофе кышкысын өтө деле пайдалуу эмес. Ордуна ысык шоколад ичсеңиз болот.
  2. Кышкысын эзиле бышкан эттин шорпосу да өтө пайдалуу, эттин курамындагы белок, майлар адамдын иммундук клеткаларын жаңыртып, энергия берет. Чыңалган нервти жумшартат. Ошого согумдун этине туугандар бири-бирин чакырып, чер жазыша сүйлөшүп отурган салт калса керек бизде. Этке камыр эмес, сабиз, картошка, пияз, болгар калемпири сыяктуу жашылчаларды бир кайнагандан кийин салып, кошо бышырсаңыз андан беш бетер витаминдүү азыкка айланат.
  3. Нан деле жеш керек, бирок экинчи сорт ун же арпанын унунан жасалган нан жеген оң.
  4. Майлар да кышкы суукта сонун азык. Жегенден кийин дененден энергия чыгарып, ысытып турат. Оливка майы, бир ууч жаңгак, майлуу балык, каймак майды дал азыркыдай суукта бир күндө 30-70 граммдан жеп турса болот.
  5. Клетчаткалар – жашылча жемиштерден аласыз, туздалбаган жылуу салаттар, майонез кошулбаган винегред сыяктуу салаттар өтө пайдалуу.
  6. Глюкозаны, шекерди мөмө жемиштерден алса болот. Кышкысын анар, киви, мандарин, апельсин сыяктуу мөмө жемиштерди бир күндө бирден!!! – бир чака эмес жеп турса пайдалуу.

Журналист Бактыгүл Чыныбаеванын өздүк баракчасынан алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button