Коом

Канатбек Калдаралиев, Сокулук райондук акимиатынын аппарат жетекчиси: “Журналисттин колун сындырды деген жалган жалаа, атайын провокация кылып жатышат”

Жакында, өткөн жумада Сокулук районунун акими журналист Самара Босумбаеванын колун сындырды деген чуулгандуу маалымат коомчулукта кызуу талкууга алынган эле. Бул тууралуу редакциябызга Сокулук районунун акимиатынын аппарат жетекчиси Канатбек Калдаралиев пикирин билдирди.
-Үстүбүздөгү жылдын 11-январында Ак-Ордо конушунун 20-30 дай жашоочусу чогулган. Ал жерге Сокулук районунун акими, зам акими, район жетекчилери барып эл менен жолуккан. Чогулган жарандар тарабынан жер алып-саткан 17 адамдын тизмеси берилип, алар менен сүйлөшүп бергиле деген өтүнүч келтирилген. Анткени алар жерлерге кызыл китеп алууга макулдугун бербей, акча талап кылып жатышкандыгын айтышкан. Өзүңүздөр билгендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында жер участокторун мыйзамдаштыруу боюнча амнистия чыгып, документи жок үйлөрдү документтештирүү иштери жүрүп жатат.
Жерлердин документтери жогоруда айтылган адамдарга тиешелүү болгондуктан, алар уруксаат бербей трансформация иштерине тоскоол болуп жаткан. Жер алып-саткандар жашоочулар менен талашып-тартышуу, пикир келишпестиктерден улам бир чечимге келе албай жатышкандарын айтышты. Ошол себептүү үйлөрдү ушул убакка чейин мыйзамдаштыруу процесси создуктурулуп келген. Арызданган адамдардын сунушунуну негизинде ошол 17 кишини чогулушка чакырганбыз. Алар менен кошо башка жашоочулар да келишкен. Чогулушта ызы-чуу болуп, бири-биринин сөзүн укпай коюшат. Алгач ошол 17 адам менен сүйлөшүп, алардын оюн угалы деген негизде калгандарын киргизбей туралы, алар менен сүйлөшкөн соң силер да киресиңер деген жүйөө менен баарын киргизген жокпуз.
Жыйынга кирген 17 адам, ансыз да ар кандай сөздөр жүрүп жатат,акимиатты сатып алышты деген сөздөр айтылууда, андыктан баары ачык айкын болуш үчүн киришсин деп сунуш беришти. Баарын киргиздик.
“Колумду сындырды” деп доо коюп жаткан журналист айым бизге, мен журналистмин, чагылдырганы келдим деп кайрылган эмес. Ал эл менен катар ичинде отурган. Көрсө, ал Самара Босумбаева деген журналист айым экен. Бир маалда кайра эшикке чыгып провокациялык сөздөрдү айтып баштады. Чогулуш күндүзгү саат 3 төрдө болгон. Эл менен чогуу баарлашып турган. Ал жерде Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери да болгон. Баары көргөн. Кечки саат 10 дордо колум сынды деди. Бул чындыкка дал келбейт. Чогулушта эч кандай жашыруун сөз же мыйзамга каршы келген кыймыл-аракет болгон эмес. Ошол жерден журналист акимдин биринчи орун басарынан маек алган, сынды деген оң колу менен укук коргоо кызматкерлерине арыз жазып берген. Арызда колумду катуу кармап сындырышты деп жазган бирок андай болгон эмес. Бул болуп жаткан иш-аракеттер президенттик жарлыгына ылайык жерлерди мыйзамдаштыруу иштерине жолтоо болуунун жолу. Алар болсо жерлерди биздин атыбызга документтештирип бергиле, элдерге биз жасатып беребиз деп талап койушууда. Бул мыйзамга туура келбейт”, — деп билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button