“Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунда $168 млн 11 документке кол коюлду

Бишкек шаарында өткөн “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун жүрүшүндө 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду.

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү багытында “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун жүрүшүндө кол коюлган документтер:

  1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда Агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу боюнча “Жол картасы”;
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстан Республикасынын “Art Soft Holding” ЖЧК ортосунда суммасы 30 млн долларлык Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстан Республикасынын “Baxodir Log‘on Tekstil” ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда суммасы 8 млн долларлык булгаары өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, ошондой эле Нарын облусунда картошка өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум;
  4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы менен Өзбекстан Республикасынын “Baxodir Log‘on Tekstil” ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда картошка өндүрүү боюнча кластер, мал чарба комплексин түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  5. Кыргыз Республикасынын “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстан Республикасынын “Узкимёимпекс” КБ ортосунда суммасы 20 млн долларлык инвестициялык курулуш долбоорунун алкагында биргелешкен өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасында кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексин куруу меморандум;
  6. Кыргыз Республикасынын “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстан Республикасынын “Golden Corn” ЖЧК ортосунда суммасы 100 млн долларлык Өзбекстан Республикасына Кыргыз Республикасынын жүгөрү данын жеткирүү келишим;
  7. Кыргыз Республикасынын “ТНК” Дастан” ААК менен Өзбекстан Республикасынын “Тошэлектроаппарат” ЖЧК ортосунда Кыргыз Республикасында электр энергиясын эсептөө приборлорун чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
  8. Кыргыз Республикасынын “Элет Байтерек” ЖЧК менен Өзбекстан Республикасынын “Узпромстройматериалы” ассоциациясы ортосунда базальт ташын кайра иштетүүчү заводун куруу боюнча меморандум;
  9. Кыргыз Республикасынын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстан Республикасынын “Узавтосаноат” акционердик коому ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;
  10. Кыргыз Республикасынын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстан Республикасынын “UzXCMG” ЖЧК ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;
  11. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Эко Экспорт” ЖЧК менен Өзбекстан Республикасынын Жайыттарды өнүктүрүү ассоциациясы ортосундагы суммасы 10 млн долларлык Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына айыл чарба продукциясын жана малды жеткирүү келишим.