Коом

Ысык-Көлдө кыргоолго мыйзамсыз аӊчылык кылгандыгы үчүн үч жаран кармалды

9-февраль күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, Тоӊ районунда жайгашкан «Булуӊ» аймагында кыргоолдорго мыйзамсыз аӊчылык кылып жүргөн жеринен Бөкөнбаев айылынын тургундары 27 жаштагы А.Т., 32 жаштагы М.Б. жана 31 жаштагы Т.Н. кармалышты. Кармалган жарандардан далил зат катары 3 сайсыз ок атуучу куралдар жана мыйзамсыз атылып алынган 6 баш кыргоол алынды.
Аталган факт Тоӊ РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, чогулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 143 «Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, кыргоолго аӊчылык кылуу мөөнөтү, өтүп жаткан жылдын октябрынын биринчи ишембисинен декабрдын экинчи жекшембисине чейин гана уруксат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button