Коом

Көңүл буруңуз! Эртең мененки саат 9:00гө чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолу ачык болот

Аталган жолдо көчкү түшүү кооптуулугунан улам каттамга чектөө киргизилүүдө.

 “Саат 18.00дөн эртең мененки 9.00гө чейин жол ачык болот. Кайра эртең мененки 9.00дөн 18.00гө чейин жол жабылат”, — деп айтылат Нарын мамлекеттик администрациясынын берген маалыматында.

Жол жабылган учурларда тиешелүү кызматтар көчкү кооптуулугунун алдын алуу жана жолду тазадоо иштерин жүргүзөт. 

 Бирок аталган аймактарда дагы деле кооптуулук бар экени айтылды.  Облус бийлиги  зарыл болбосо жолго чыкпай турууну,  айдоочуларга 500 метр аралыкты жана жол коопсуздук эрежелерин туура сактоону эскертти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button