КоомСпорт

Көк бөрү: «Сары-Өзөндүн» капитаны Сейитбек Анарбек уулу «Ак-Шумкардын» катарын толуктады

Көк бөрү боюнча «Сары-Өзөндүн» капитаны Сейитбек Анарбек уулу социалдык тармактагы баракчасына ачык кат жазды.

«Бүгүн бир сырды ачык чыгарууга туура келип турат. Мен «Сары-Өзөндүн» капитаны болуп аягына чейин турдум, бирок учурда команда оор шартка кептелди. Эртең марттын бири, Жогорку лигадагы бардык командалар машыгууларын баштады. Тилекке каршы биздин клубдагы алдыңкы балдар башка клубдарга кетип, аттарыбыз дагы бүгүнкү күнгө чейин чогулбай турат. Ушундан улам турнирде канчалык деңгээлде атаандаштык көрсөтө алабыз деген маселе жаралды. Бүгүнкү күндө Чүйдөн экинчи командабыз «Ак-Шумкардын» даярдыгы ирээттүү жүрүп жатат. Айтайын дегеним, мен дагы терең ойлонуп, «Ак-Шумкар» жаштарынын катарын толуктайын деп чечтим. Чүй биригип күчтөнүп чыкпасак, эртең саны бар, сапаты жок болуп калчудай», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button