Бишкек мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салынарын эскертет

Бишкек шаарынын мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салынарын эскертет.

Муниципалитеттен белгилешкендей, тазалоодон кийин чогулган таштандылар жана жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине таштоого болот, андан кийин алар “Тазалык” ишканасы тарабынан чыгарылат.

“Бирок жалбырактарды жана башка жашыл чөптөрдү өрттөөгө катуу тыюу салынат. Жалбырактардан чыккан түтүн оор кесепеттерге алып келген зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат”, – деп белгилешти мэриядан.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эгерде мыйзам бузуу фактылары катталса жеке жактарга 7 миң 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айыппул салынып, протоколдор түзүлөт.

Эске салсак, 2023-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча бир айлык ишембиликтер өткөрүлөт.