Бишкектин айрым райондорунда 2 күн газ болбойт

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 2 күн газ болбойт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-марттан 23-мартка чейин Көлмө жаңы конушунун Дастан, Максат, Медина, Мыскал, Кулиев көчөлөрүндө, ошондой эле Лермонтов, Восточная, Ибраев, Ленин көчөлөрү кесилишкен аймакта, мындан сырткары, Фрунзе, Коенкозов, Манас, Чүй простпектилери кесилишкен аймакта газ өчүрүлөт.

Газ орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды токтотуу боюнча оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Ишкана жарандардан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.