Нарында маданият кызматкерлери жаныбарлардын образында ишембиликке чыкты

Республикалык ишембиликке Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн жамааты жаныбарлардын образында чыгышты.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, кызматкерлер жарандарга жакшы маанай жана жалпы ишембиликке жашоочулардын көңүлүн бурдуруу максатында ушундай образда чыгышкан.

“Жаныбарлардын кийимин кийген маданият кызматкерлери шаар аралап, жашоочуларды айлана-чөйрөнү таштандыдан тазалоо иштерине катышууга чакырып, түшүндүрүү иштерин алып барышты”, – деп айтылат маалыматта.