Рамзан Кадыров Куранды өрттөгөн украиналык аскердин башына 5 миллион акча сайды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Куран китебин мазактап өрттөгөн украиналык аскерди жок кылуу үчүн беш миллион рубль убада кылды, эгер тирүү алып келсе он миллион рубль бере турганын жарыялады. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

“Мындай нааданды жок кылгандарга беш миллион рубль берем, ал эми тирүү кармап келсе эки эсе көп, он миллион рубль берилет”, — деп жазган Кадыров Telegram каналына.

Анын айтымына караганда, бул иш качан болору жана аны ким аткара турганы мааниге ээ эмес.

Кадыров аны “взвод, топ, жалгыз бирөө же окопто жаткан жанындагы жоокер” да болуп калышы мүмкүндүгүн айтты.

Ал Куранды мазактаган кишини коркок деп атап, кандай болгон күндө да, кайсы маалда болсо да жазаланарын айткан.

Андан мурда Кадыров украиналык аскердин Куранды мазактап жаткан видеону жарыялап, аны таап жазалоого убада берген.