Бишкекте фармацевтикалык завод ачылды

Бишкекте фармацевтикалык завод ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, заводдун ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

“Завод ишке киргизилгенден соң жүрөк-кан тамыр, эндокринологиялык, ичеги-карын жана жугуштуу оорулар, ошондой эле сийдик бөлүп чыгаруу системасынын оорулары сыяктуу медициналык көрсөткүчтөр үчүн фармацевтиканын 10 түрүн чыгарууну камсыз кылууга даяр”, – деп айтылат билдирүүдө.