Коом
25-августка карата аба ырайы

Бүгүн республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында +30…+35, Таласта +25…+30, Ысык-Көл облусунда +16…+21, Нарын регионунда +23…+28 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28…+30 градуска чейин жетет.



