Маданият

Концерт, жарманке, спорттук оюндар – Бишкекте Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө

Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө.

Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 10:00дө башталды. Ал эми саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланат.

Мындан тышкары, жарманке, прикладдык искусствонун көргөзмөсү, спорттук оюндар жана башка оюн-зоок иш-чаралары өтөт. Ошондой эле шаардын бардык райондорунда да майрамдык иш-чаралар өтмөкчү. Маалымат менен кененирээк мэриянын сайтынан тааныша аласыздар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button