Маданият

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары жана дипломанттары аныкталды

11 адам Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары жана дипломанттары болду.

Чечимди сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссия Минкабдын тескемесине ылайык кабыл алды.

Лауреаттар:

— «Адабият жаатындагы мыкты чыгарма» номинациясында — Акбар Кубанычбеков;

— «Журналистика жана телевидение жаатындагы мыкты чыгарма» — Нурай Шарабидин кызы;

— «Музыка искусствосундагы мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик» — Нуржигит Молдояров;

— «Сүрөт искусствосундагы мыкты чыгарма» — Урмат Серенов;

— «Шаар куруу, архитектура жана дизайн жаатындагы ишке ашырылган мыкты долбоор» — Калыйнур Бекбосун;

— «Театр жана цирк искусствосундагы мыкты чыгарма» — Өмүрбек Израилов;

— «Кинематография жаатындагы мыкты жетишкендик» — Каниет Дубаев;

— «Илим, билим берүү жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш» — Асылбек Рахманов;

— «Экономика, бизнес жана меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик» — Жанузак Туран уулу;

— «Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салым үчүн» — Жакшылык Бекназаров.

«Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» номинациясында лауреат аныкталган жок.

Дипломанттар:

— «Адабият жаатындагы мыкты чыгарма» номинациясында — Мелис Маматжан уулу;

— «Журналистика жана телевидение жаатындагы мыкты чыгарма» — Амина Куренкеева;

— «Музыка искусствосундагы мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик» — Сагыныч Нурланбек уулу;

— «Сүрөт искусствосундагы мыкты чыгарма» — Арууке Сыдыкалы кызы;

— «Шаар куруу, архитектура жана дизайн жаатындагы ишке ашырылган мыкты долбоор» — Улан Таалайбеков;

— «Театр жана цирк искусствосундагы мыкты чыгарма» — Ырыскелди Тынарбек уулу;

— «Кинематография жаатындагы мыкты жетишкендик» — Дастан Дамиров;

— «Илим, билим берүү жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш» — Нурсултан Карабаев;

— «Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салым үчүн» — Дөөлөт Рысбаев.

«Экономика, бизнес жана меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик» жана «Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» номинацияларында дипломанттар аныкталган жок.

Сыйлык жаштардын чыгармачылык, илимий, кесиптик жана коомдук ишмердүүлүктү жаатындагы жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button