Маданият

«Жаңы күүлөр» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Комузчулардын чыгармачылыгын колдоо максатындагы “Жаңы күүлөр” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Анда белгиленгендей, катышуучулар өздөрүнүн автордук, буга чейин жарыяланбаган күүлөрүн тартуулашты. Калыстар тобунун баалоосунун негизинде мыкты чыгармалар тандалып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Төмөнкү катышуучулар жеңишке жетишти:

  • Баш байге— Эмилбек Ишенбек уулу (150 миң сом);
  • I орун— Зайнидин Иманалиев (100 миң сом);
  • II орун— Бек Алагушов жана Элеман Каныбеков (ар бирине 80 миң сомдон);
  • III орун— Рысбек Жунушев жана Эрбол Абдраимов (ар бирине 70 миң сомдон);
  • Кызыктыруучу сыйлык— Бейшенбек Сыдыков жана Рысбек Жунушев (ар бирине 50 миң сомдон).

Ошондой эле анда маданият, искусство жана кино тармактарында үзүрлүү эмгектенип, өлкөнүн маданий турмушунун өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге министрликтин Ардак грамоталары жана “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилери тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button