Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты.
Эске салсак, 1961-жылдан бери бул жердеги имараттар, курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
Президент казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашап жаткан үйлөрдү куруу, капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берген.
Мындан сырткары аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн башка шарттарын да жакшыртуу тапшырылганы айтылды.
