Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды – ФОТО

27-март Эл аралык театр күнүнө карата Кыргыз Республикабыздын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте Кыргызстан театр ишмерлер союзу уюштурган “Эргүү” улуттук театр сыйлыгы тапшырылды.

“Эргүү” улуттук театр сыйлыгына тапшыруу аземине келген меймандар алгач «Ала- Тоо» аянтынан жөө жүрүш менен Т. Абдумомунов атындагы драма театрдын алдына келип топтолушту. Салтанаттуу азем театрлаштырылган композиция, “Эргүүнүн” видеоретоспекциясы менен башталды. Борбордук жана аймактык театрдан келген меймандар, номинанттар кызыл килемчеден өтүштү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты мнистринин орун басары Айнура Аскарова, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун Төрагасы Жаныш Кулмамбетов ж.б. көрүнүктүү театр ишмерлери, ошондой эле калыстар тобунун мүчөлөрү, бул жаатта билим алып жаткан студенттер катышты.

Кечени Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты мнистринин орун басары Айнура Аскарова ачып, театр кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, “сиздер бар үчүн биздин тамыр, тарых, мамлекет, маданият бар. Сиздер жашоонун оң дагы, терс дагы көрүнүштөрүн талантыңар, чеберчилигиңер менен сахна аркылуу көрсөтүп, кандай кыйын учур болбосун театрга фанат катары кызмат кылып келесиздер. Кыргызды даңазалаган да сиздерсиздер. Сезимтал, түйшүктүү ишиңиздерде дайыма эргүү болсун. Кыргызстан сиздер аркылуу көптөгөн чет мамлекеттерге тааныла берсин” деген изги тилегин билдирди.

Расмий бөлүктөн кийин кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин мыктыларына “Эргүү” улуттук сыйлыгынын статуэткалары, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эске салсак, салтка айланган “Эргүү” театр сыйлыгы быйыл онунчу ирет берилип жатат.

Булак: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы