Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдө экологиялык милиция браконьерди кармашты

6-апрелден 7-апрелге караган түнү болжол менен саат 02.00 чамаларында Ысык-Көл облустук ИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылынын 41 жаштагы тургуну Н.А. мыйзамсыз балык улап жаткан жеринен кармашкан. Кармалган жарандан, далил зат катары 16 даана «Сига-Лудога» балыгы, резина кайыгы жана балык улоочу торлору алынды.

Аталган факт Жети-Өгүз районунун ИИБдин маалымат электрондук журналында катталып, чогултулган материалдар тергөө кызматына, ошондой эле жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгына келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн өткөрүлүп берилди.

Териштирүү иштери уланууда, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button