Кочкорго чакан ГЭС курулат. Кореялык топ Нарын облусуна келди

Кореялыктар менен Кочкорго чакан ГЭС куруу боюнча макулдашылды. Корея Республикасынын Ганвон-до Инже округунун жана Түштүк Кореянын Экология министрлигинин, экокорпорациясынын кызматкерлеринен турган топ Нарын облусуна иш сапар менен келген. Алар Кочкор районунда да болуп, ГЭС курула турган аймактарды жана айыл чарба жерлерин көрүштү.
Кореядан келген делегацияны Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов кабыл алып, кызматташуунун мындан аркы пландары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
«Иш сапардын алкагында Кочкор районуна чакан ГЭСтерди куруу жана айыл чарбасында тажрыйба алмашуу боюнча райондун акими Э.Омошев менен эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Меймандар Кореядан ала келген картошканын үрөнүн тапшырышты», — деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.
Белгилей кетсек, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун Түштүк Кореяга болгон иш сапарында Ганвон-до Инже округу менен Нарын облусунун ортосунда достук алакасы түзүлгөн. Кореялыктар чакан ГЭС куруп берүүнү убада кылышкан. Ошондой эле айыл чарбасы боюнча тажрыйба алмашуу келишимдери түзүлгөн.
Кызматташуу уланып, кореялыктар үчүнчү жолу Нарынга келишти. Жакынкы мезгилдерде кызматташуунун натыйжалары күтүлүүдө.



