Сууну аз ичкен адамдын организми кандай өзгөрөт?

Сууну нормасынан аз ичүүнүн кесепети кандай болорун Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде уролог Игорь Князев түшүндүрдү.

Адистин айтымында, салмагы 60 килограммга жакын адам күнүнө эки литрдей суу ичиши керек.

“Суунун көлөмү салмактан тышкары жашоо образынан дагы көз каранды. Мисалы, тердебесеңиз, салкын кабинетте отуруп иштесеңиз, бир аз азыраак ичсе болот. Бирок көп кыймылдаган адамдар суунун көлөмүн эки эсеге чейин көбөйткөнү туура”, — деди уролог.

Князев суунун жетишсиздигинен биринчи кезекте заара чыгаруу системасы жабыркай турганын айтты.

“Суу ичпеген адам, албетте, дааратканага аз барат. Демек, заара каналдарынан суюктук көп өтпөй, бактериялардын пайда болушун шарттайт”, — деди ал.

Ошондой эле суунун аздыгы организмде таштын пайда болуу тобокелдигин жогорулатары айтылды. Буга дагы зааранын аз чыгышы себепкер.