Коом

Чүйдө мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоо боюнча рейд өтүүдө

2023-жылдын 10-майынан 27-майга чейин Чүй районунун аймагында «Арсенал» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп жатат. Бул рейддик иш-чара Чүй районунда мыйзамсыз сакталган ок-дарыларды, курал-жарактарды аныктап алуу жана жарандардын сактоого уруксааты бар курал-жарактарын жеринде текшерип тактоо максатында Чүй РИИБдин өздүк курамы тарабынан өткөрүлүүдө.

Анда Чүй райондук милициясынын кызматкерлери газо-травматикалык,сыйлама курал-жарак ээлеринин жана мергенчилик кылган жарандардын курал-жарак сактаган жайларын жеринде текшерүүгө алууда.


Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй районунун аймагындагы сыйлыкка алган жана сайлуу, сайсыз газо-травматикалык куралдарга текшерүү жүргүзүлүп, сактоо эрежелери бузулгандыктан, айрымдарына акты түзүлүп, сактоо эрежелерин жана узартуу мөөнөтүн бузган жашоочуларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып салынды. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133-беренеси (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) менен 10 протокол түзүлүп, эскертүү чарасы колдонулду. Ошондой эле, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 134-беренеси (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөттөрүн бузуу) менен 2 жаранга протокол түзүлүп, 6.000 миң сом айып салынды.


Андан сырткары иш-чара убагында мурда Чүй районунда жашап, башка районго көчүп кетишкен 2 сайсыз куралдын ээсинин дареги такталып, жашаган жерлери боюнча милицияга жиберилди.


Иш-чаранынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери эл арасында кылмыштуулукту алдын алуу иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында жергиликтүү тургун 1 даана сайсыз мылтыкты өз ыктыяры менен Чүй РИИБге өткөрүп берди. Чүй РИИБи тарабынан мыйзамсыз сакталган 1 даана сайсыз мергенчилик мылтык аныкталып алынып, азыркы учурда текшеруу иш-чаралары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button