Садыр Жапаровдун айтымында, институт бизнестин дараметин жогорулатуу жана анын кызыкчылыгын коргоо үчүн зарыл. Мындай институт ЕАЭБ рыногундагы тоскоолдуктарды минималдаштырууга жардам бермек.
Кыргызстан лидеринин билдирүүсүнүн урунттуу учурлары:
▪️Биздин биримдикте ар бир адам ЕАЭБ аймагында өзүн үйүндөгүдөй сезиши керек
▪️Кыргызстан Евразия экономикалык комиссиясынын жана ЕАЭБ сотунун ролун күчөтүүнү жактайт. Бул институттар эффективдүү улуттар аралык органдарга айланышы керек
▪️ЕАЭБдин улуттуктан жогору турган өнүктүрүү институтун түзүү керек. Ал Россиянын Стратегиялык демилгелер агенттигинин мисалында интеграциялык долбоорлорду даярдоо, аналитикалык колдоо жана каржылоо функцияларын аткарат.