Сауд Арабияда стюардесса өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

Литванын Avion Express авиакомпаниясынын стюардессасы — италиялык Илариа Роза Сауд Арабияда өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ал баңгизат сактаган жана спирт ичимдиктерин ичкен деп шектелүүдө. Бул тууралуу Bild басылмасы жазып чыкты.

Учурда ал Сауд Арабиянын түрмөсүндө. Полиция тинтүү маалында анын ич кийиминен баңгизат таап алгандан кийин камакка алынган. 

Илария бардык айыптарды четке кагууда. Италиянын Тышкы иштер министрлиги стюардессаны бошотуу боюнча Сауд Арабиянын бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Азырынча расмий айыптар коюла элек. 

Басылманын айтымында, Сауд Арабиясында ислам шариат мыйзамдары бар: соттор баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн өлүм жазасын бере алат.