Гилас жайнаган мезгил. Дарыгер күнүнө канча жесе болорун айтты

“Гилас ден соолукка абдан пайдалуу. С жана B витаминдери, калий, тамак-аш буласы бар. Чоң кишилер күнүнө 200-300 граммдан жесе болот. Бул суткалык орточо норма”, — деген дарыгер.

Айрымдарга өтө жаккандыктан аны ашыкча жеп аларын айтты.

“Көп жесе, албетте, башка таттуу жемиштердей эле салмак кошууга алып келет. Мындан сырткары, ич өтүп, көөп, тамак сиңирүү органдарында ыңгайсыздыкты жаратат”, — деди Круглова.

Адис гиласты бир нече күн муздаткычка сактаса болорун, бирок башка жемиштердей узакка турбагандыктан карарып кетерин эскертти.